www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын президенти Владимир Путин тышкы иштер министринин орун басары Игорь Моргуловду Орусиянын Кытайдагы элчиси кылып дайындады. Бул тууралуу РИА Новости мамлекеттик агенттиги билдирди.
Ага чейин бул кызматта 9 жыл Андрей Денисов иштеген. Харьковдо төрөлгөн Андрей Денисов кызматтан кете турганын сентябрдын башында билдирген. Бирок анын себебин түшүндүргөн эмес.
Игорь Моргулов Тышкы иштер министрлигинде 1991-жылдан бери иштейт. Министрликтин борбордук аппаратында жана Кытай, АКШ жана Жапония элчиликтеринде түрдүү дипломатиялык кызматтарды аркалаган. Ал жыйынтыксыз аяктаган орус-жапон тынчтык келишимин түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдө Путиндин атайын өкүлү болгон.
Расмий Бээжин Орусияга каршы эл аралык санкцияларды колдогон жок жана Москванын эң маанилүү соода өнөктөшү бойдон калууда.
Жазында The New York Times гезити Москва Бээжинден аскердик-техникалык жана экономикалык колдоо алууга аракет кылып жатканын жазган. Ушул аптада Өзбекстанда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) жыйынында Владимир Путин менен Кытайдын төрагасы Си Цзинпин жолугушат.
Булак: NazarNews.kg