www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Армениянын мурдагы президенти Серж Саргсян жергиликтүү ЖМКлардын суроосуна жооп берип жатып эмоциялуу билдирүү жасаган кызуу талкууланууда. Журналисттин: «Сиз шайлоого катышпайсыз, бирок атыңыз дагы деле көптөрдү тынчсыздандырат» деген суроосуна Саргсян кескин жооп кайтарды.

- Мен эмне кылышым керек? Каякка барайын, Карабахкабы? - деди ал.

Кезектеги кылмыш иши боюнча Антикоррупциялык сотко келген Саргсян сөзүнүн аягында: «Тилекке каршы, бара турган башка жерим жок» — деп белгиледи.

Эске салсак, Серж Саргсян 1954-жылдын 30-июнунда Азербайжандын Ханкенди шаарында төрөлгөн. Ал 1980-жылдардын аягында Карабахта Азербайжанга каршы көтөрүлгөн сепаратисттик кыймылдын лидерлеринин бири болгон. Серж Саргсян 2008–2018-жылдары эки мөөнөт Армениянын президенти болуп иштеген.

Последние новости