www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Армениянын Борбордук шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн акыркы жыйынтыктары боюнча маалыматына ылайык, жаңы парламенттеги орундардын так бөлүштүрүлүшү белгилүү болду.
Улуттук жыйындагы расмий 105 мандаттын 61ин премьер-министр Никол Пашинян жетектеген
Гражданский договор партиясы алган.
Калган мандаттар саясий күчтөр арасында төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:
• Сильная Армения блогу – 28 орун
• Армения блогу – 11 орун
• Процветающая Армения партиясы – 5 орун
Белгилей кетсек, 105 орундуу парламентте өкмөттү өз алдынча түзүү үчүн «50% + 1 добуш» эрежеси боюнча кеминде 53 мандат талап кылынат. Ошондуктан, 61 орун алган Никол Пашинян жетектеген партия коалиция түзбөстөн эле өкмөттү кайрадан өз алдынча түзүү укугуна ээ болду.
Бирок бул жыйынтык бийликтеги партиянын парламенттеги мурдагыдай үстөмдүк абалы кыйла алсырап калганын көрсөтөт.