www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин өкүлдөрү жана министрликке караштуу «Окуу китеби» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери жаңы басылып чыккан окуу китептерин кабыл алышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 6-класстар үчүн даярдалган «Табигый илимдер» окуу китебинин 1-бөлүгү кыргыз жана орус тилдеринде окутулган мектептер үчүн жарык көрдү. Китептин жалпы нускасы 166 миң 895 даананы түзөт.
Мындан тышкары, 1-класстардын окуучулары үчүн «Алиппе» окуу-методикалык комплексинин курамындагы «Алиппеге даярдык» иш дептери жана «Жазуу жана боёо дептери» да басылып чыкты. Алардын жалпы нускасы 180 миң 760 даананы түзөт.
Жаңы окуу китептери жана окуу-методикалык материалдар жалпы билим берүү мекемелерин камсыздоо максатында даярдалган.