www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казарман аркылуу өткөн жаңы Түндүк–Түштүк автожолунда көчкү жана таш кулоо учурлары катталып жатканы коомчулукта тынчсызданууну жаратууда. Бул тууралуу Окумуштуу адис, сейсмолог-эксперт Канат Абдрахматов билдирип, көйгөйдүн негизги себеби жол курууда тоо капталдарынын табигый эңкейиш бети жетиштүү деңгээлде эске алынбагандан улам экенин айтты.

Анын айтымында, ар бир тоо теги өзүнө таандык табигый эңкейиш тик капаталга ээ. Эгер жол курууда гранит, акиташ сыяктуу тоо тектеринин өзгөчөлүктөрү туура эсептелбесе, таш кулоо, уроо жана көчкү коркунучу күчөйт.

Эксперт жолдун коопсуздугун камсыздоо үчүн кошумча коргоо чараларын көрүү зарылдыгын белгилеп, курулуш иштеринде сапат жана коопсуздук биринчи орунда болушу керектигин белгиледи.

Последние новости