www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, УКМК төрагасынын орун басары – УКМКнын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору кызматын аркалап келген Уранбек Шадыбеков ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
Президенттин тескемесинде бул чечим Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесинин негизинде кабыл алынганы белгиленген.
Уранбек Шадыбеков УКМК төрагасынын орун басары кызматын аркалоо менен катар Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборду жетектеп келген.
Азырынча анын ордуна ким дайындалары тууралуу расмий маалымат жарыялана элек. Ошондой эле кызматтан бошотулуунун себептери боюнча түшүндүрмө берилген жок.