www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда альтернативалык негизде аскердик кызмат өтөөнүн баасы белгилүү болду. Эми каалоочулар Коргоо министрлигине 25 200 сомони (2,2 миң доллар) төлөп, эки жылдын ордуна бир ай аскердик даярдыктан өтсө болот.

Тажик парламенти быйыл январда жактырган "Жалпы аскердик милдет жана аскердик кызмат тууралуу" мыйзамдын жаңы редакциясына ылайык, жыл сайын аскер курагындагылардын 10% армияга чакырылат. Калган жарандар акча төлөп, бир ай кызмат өтөгөндөн кийин аскердик билет алса болот. Ошол эле маалда мындай жол менен аскердик билет алган жарандар прокуратура органдарында, соттордо, Бажы кызматында, Коррупцияга каршы күрөшүү мекемесинде жана Жаза аткаруу кызматтарында иштей алышпайт.

Мындан тышкары жаңы мыйзамга ылайык, эми жогорку окуу жайлардын аскердик кафедраларында окуган студенттерге армияда кызмат өтөгөндөн кийин гана офицердик наамдар берилет. Буга чейин алар мындай наамдарды ЖОЖду аяктап, 40 күндүк аскердик даярдыктан өткөндөн соң дароо алып келишкен.

Тажикстанда армияга чакыруу өнөктүгү жылына эки жолу – жазында жана күзүндө болот. Анда 18 жаштан 27 жашка чейинки жарандар аскерге чакырылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости