www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 16-августта миңдеген адам Кабул аэропортунан учуп кетүүгө аракет кылган учурда жаралган дүрбөлөңдө жана башаламандыкта кеминде беш киши каза болду. Бул тууралуу Reuters агенттиги окуянын күбөлөрүнө шилтеме кылып кабарлады.

Социалдык тармактарга жарыяланган видеолордон Кабул аэропортунда ондогон ооган жараны эвакуация учагы менен кошо жарышып баратканын көрүүгө болот.

Пентагон аэропортто курал-көтөргөн жана коркунуч туудурган эки киши жок кылынганын билдирди. Ага чейин жоон топ элди тынчтандыруу максатында асманга ок атылганын америкалык расмий өкүлдөр жана күбөлөр ырасташкан.

"Би-Би-Си" күбөлөргө шилтеме кылып, Кабул аэропортунда бери дегенде эки жай тургун өлгөнүн кабарлады.

Дүйшөмбү күнү бир катар басылмалар жылып бараткан учакка жармашып, ичине кирүүгө аракет жасаган үч киши бийиктиктен кулап каза болгонун билдиришкен.

Азыр Кабул аэропортунда жүргүнчү ташыган учактар учкан жок, АКШнын жана анын союздаштарынын аскердик учактары гана каттамдарды аткарып жатышат. Бирок буга карабастан, миңдеген ооганстандыктар өлкөдөн учуп кетүүгө мүмкүнчүлүк табуу үчүн аэропортто топтолуп турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости