www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Забайкалье аймагындагы Горный айылында аскердик бөлүктө чогуу кызмат өтөгөн жоокерлерин жана эки офицерди атып салган солдат кадамынын негизги себептерин атады.
Колго түшүрүлгөн жоокер окуя тууралуу эч өкүнбөй тургандыгын айтып, кылган кылмышы үчүн жоопкерчилик тартууга моралдык жактан даяр экендигин билдирген. Андан сырткары, ал каргашанын негизги себеби – уставдык эмес мамиледен келип чыккандыгын айткан. Жөнөкөй тил менен айтканда ага аскердик бөлүктөгү “дедовщина” себепкер болгон.
Эске салсак, кечээ, 25-октябрда Орусиянын Забайкалье аймагындагы Горный айылында аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткан жоокер ага берилген табелдик курал менен чогуу кызмат өтөгөн жоокерлерди атып, качып кетти.
Каргашанын кесепетинен ок тийген жети жоокер окуя болгон жерде мүрт кетишсе, дагы бирөөсү ооруканадан өзүнө келе албай каза болгон. Дагы эки жоокер жеңил жаракат алышкан.
Маалыматтарда окуя жергиликтүү убакыт боюнча 18:20да, аскердик бөлүктөгү техникалык-ремонт базасында күзөт нөөмөттөрү алмашып жаткан учурда болгону айтылат. Ок каза болгондордун баарынын башына атылган.
Коргоо министрлиги тараткан алдын ала маалымат боюнча, ал жоокер жеке көйгөйлөрдөн улам келип чыккан нервдик чыңалуудан өзүн кармана албай калган болушу мүмкүн. Ошондой эле "дедовщинага" чыдабай ушул кадамга барышы мүмкүн экендиги да каралууда.
Ал эми “РИА-Новости” агенттиги каза болгондордун бешөөсү жоокер, экөөсү офицер, ал эми бирөөсү контракттык негизде кызмат өтөгөн аскер, ал эми аларды аткан 20 жаштагы жоокердин аты-жөнү Рамиль Шамсутдинов экенин жазган.
Булак: NazarNews.kg