www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бангладештин соту медресе окуучусун өлтүргөн деп айыпталган 16 адамды өлүм жазасына тартуу тууралуу өкүм чыгарды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, өлүм жазасына өкүм чыккандардын арасында медресенин директору, 3 мугалими, маркумдун 2 классташы, башкаруучу партиянын жергиликтүү бөлүмүнүн эки жетекчиси бар.

Эске сала кетсек, Нусрат Жахан Рафи аттуу 18 жаштагы медресенин окуучусу 2019-жылдын апрель айында өлтүрүлгөн. Аны директор зордуктаганга аракет кылган деп полицияга даттангандан 11 күндөн кийин медресенин чатырында тирүүлөй өрттөп жиберишкен.

Белгилей кетсек, Нусрат мындан мурун, тактап айтканда март айынын аяк ченинде медресенин директорунун үстүнөн полицияга арыз жазган. Нусрат директорду өзүн зордуктаганга аракет кылган деп күнөөлөгөн. Сираж Уд Дула аттуу медресенин директору Нусратты кабинетине чакырып, ага тийишкен экен. Нусрат менен маектешкен полиция кызматкери, анын айтып берип жатканын видеого тартып, социалдык тармактарга таратып жиберген. Мындан улам бул окуя коомчулукта резонанс жаратып, директор камакка алынган.

Ал эми камакка алынган директор медресенин мугалимдерине жана окуучуларына Нусратты өлтүрүүгө буйрук берген.

Үрөй учурган бул окуя баш калаадан 160 чакырым аралыктагы Фени шаарында болгон. Бул бүтүндөй өлкөнү нес кылып, акыйкат тергөөнү талап кылган демонстрациялар менен коштолгон. Ошондуктан, элди таң калтырып, сот өтө ылдам жүргөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости