www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коом “айнып” баратат десек жаман көрүшөт. Күндө кандайдыр бир кызыктуу, көп учурда акылга сыйбас окуяларга күбө болмоюнча тура албай калдык. Организм “дозаны” талап кылып калды.
Кечээ, 25-октябрь күнү кечке маал шаардын борбордук бөлүгүндө 100 жана 102-маршруттун айдоочулары салонду жүргүнчүлөргө толтуруп алып, жарышка түшкөнү кандай? Андан кийин бири экинчисинин бусигин чийип алса, көчөгө чыгып алып, оозго алгыс сөздөрдүн коштоосунда тимеле UFCнин октагонунда жүргөнсүп мушташ уюштурушкан. Ал маалда жол кыймылынын башка катышуучуларына тоскоолдук жаралып, тыгын дагы пайда болгон.
Деги бул эки эргул, транспортуна жүргүнчү кадам таштагандан тартып, анын өмүрүнө, сактыгына жооптуу болорунан кабары барбы деги?
Булак: NazarNews.kg