www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Мамлекеттик Чек ара кызматы билдиргендей, окуя 13-мартта 2030-аскер бөлүгүндө болгон. Мекеме келишимдик негизде иштеп жаткан аскер кызматкери куралды туура эмес колдонуунун курмандыгы болгонун кабарлады.

Маалыматка караганда, 2017-жылдын жазында аскерге чакырылган катардагы жоокер капыстан ефрейторду атып алган. Алган жараатынан ефрейтор ооруканага жетпей үзүлгөн. Ушу тапта окуянын чоо-жайы иликтенип жатат. Аскер прокуратурасынын өкүлдөрү жеринде иштеп жатканы айтылды. №2030 чек ара аскер бөлүгү Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жайгашкан. Бул тууралуу маалыматты Азаттык сайты жазып чыкты. 

Тилекке каршы, Кыргызстанда аскер багытындагы бара жаткан жол, бир калыпка келбей, ар кандай шылтоолор айтылып, "өзүн-өзү атып алды", "бир ургандан каза тапты" деген караандай калптарын айтып келишет. Эми аскердин өлүмүнө Аскер прокуратурасынын өкүлдөрү иштеп аткан имиш. Булардын колунан чындык айткан эмес, болгону кагазды ары-бери көтөргөнү болбосо, бирөөнүн алпештеп баккан баласынын "өлүгүн" көтөрүп баргандан уялган жок. 

Демек, өзүн-өзү атып алса, аскер "жинди", же аскер башчылары "жинди". Жүз күндүктөн кадамы кечээ гана бери аттаган КР Президенти Сооронбай Жээнбеков ушул кыргыз армиясына көңүл буруп эмес, барып текшерүүгө алса жакшы болот беле? Анткени ирик менен чириктин, өзүн "шер" ойлогондорду түп орду менен жок болбосо, кыргыз армиясында өлүм эч качан токтобойт. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости