www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин “Мамлекеттик башкаруу жөнүндө” аттуу китебинин бет ачар аземине катышты.

Иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө Арслан Койчиев аталган эмгек заманбап мамлекеттик башкаруу, реформаларды ишке ашыруу жана эл аралык кызматташтык маселелерин камтыган маанилүү басылма экенин белгиледи. Ал Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк ийгиликтүү өнүгүп жатканын баса көрсөттү.

Мамлекеттик катчы ошондой эле мамлекеттик башкаруу, илимий жана гуманитардык тармактардагы кызматташтыкты кеңейтүү эки өлкөнүн өз ара түшүнүшүүсүн бекемдей турганын белгиледи.

Ошондой эле Арслан Койчиев китептин алгачкы үч тому кыргыз тилине которулганын, төртүнчү томдун котормосу аяктоо алдында экенин маалымдады. Ал келечекте бешинчи томдун кыргыз тилине которулушу маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары да чыңдоого өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.

Эске сала кетсек сүрөттөрдөн Роза Отунбаева, Апас Жумагуловду көрүүгө болот.

Последние новости