www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Манас” аэропортунун реконструкциясы 90% аяктады

Кыргызстандагы 50 жылдан ашык тарыхы бар “Манас” эл аралык аэропортун реконструкциялоо иштери 90 пайызга аяктады.

Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, аэропортту жаңылоо иштери 2025-жылы “Кыргызстан аэропорттору” ААК менен биргеликте башталган.

Долбоор министрлик тарабынан иштелип чыгып, учурда курулуш иштеринин негизги бөлүгү бүткөрүлдү.

Министрлик акыркы жылдары өлкө боюнча ири инфраструктуралык жана социалдык объектилерди куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүп жатканын белгиледи.

Учурда 500дөн ашык социалдык-маданий багыттагы объект курулууда.
Ошондой эле “Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа комплекси, Таластагы “Баластан” балдар борбору, “Манас Ордо” улуттук комплекси, “Чыңгыз Айтматов Ааламы” тарыхый-маданий комплекси жана “Манас-2” эл аралык аэропортунун жаңы терминалы сыяктуу ири долбоорлор ишке ашырылууда.

Айрым объектилер 2026-жылы Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берилери күтүлүүдө.

Последние новости