www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

026-жылдын 9-июлунда саат 15:00 чамасында, Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын 2051 аскер бөлүгүнүн контрактык негизиндеги аскер кызматкери сержант С. у Э., аскер кызматчыларынын ортосундагы өз ара мамилелердин уставдык эрежелерин бузуу менен, Баткен областынын Лейлек районунун “Үч-Котон” жергилигинде инженердик жабдуу иштерин аткарып жатып, өз ара келишпестиктен улам 2057 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкери ефрейтор С.Т.Днын сол жаагына уруп жиберген. Натыйжада С.Т.Днын жаагынын сол тарабы сынган.

Бул факты боюнча, Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 388-бер. 2-бөл. 4-п. (ден соолукка олуттуу залал келтирүү менен бири-бирине баш ийүүчүлүк мамилеси болбогон аскер кызматчыларынын ортосундагы өз ара мамилелердин уставдык эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн алкагында, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-бер. негизинде сержант С. у Э. Баткен райондук ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда иш боюнча тиешелүү тергөө амалдары улантылууда.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы тарабынан мамлекеттик чек арага тосмолорду орнотуу боюнча инженердик иштерди жүргүзүүдө мыйзам талаптарын одоно бузуу фактысы боюнча өзүнчө кылмыш иши козголуп, учурда зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Последние новости