www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чачтарым карарып жатат. Өлбөстүккө ишенем. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда коомдук ишмер Арстан Алай билдирди.
“Өлбөстүккө өткөнгө аракет кылгыла. Мен кубаттулук алгандан кийин өзүмдү боштондукта сезем. Чачымдын агарганы карарып, жашарганымды сезип жатам. Мен өлбөстүккө ишенем”,-деди ал
Арстан Алай (Арстанбек Абдылдаев) коомчулукта бир нече сөздөрү менен белгилүү. Алардын бири — 2011-жылы “Кыш болбойт” деп айтканы болгон.
Ал эми 2019-жылдын август айында ал өзүн “Кудаймын” деп атап, “аалам аны 2020-жылдын президенти кылып дайындаганын” билдирген. Мындан улам Бишкек ШИИБи ага карата “Этникалык, улуттук жана диний кастыкты козутуу” беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган, бирок анын иши өткөн жылдын 31-декабрында кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу өндүрүштөн кыскартылган.
Кийинчерээк, пандемия башталганда, ал Кытайга коронавирусту “өзү жибергенин” айткан. Мунун себебин Кытай Кыргызстандын карызын кечирбегени менен түшүндүргөн.
Булак: NazarNews.kg