www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун курулуш иштери 2023-жылы толук аяктаары күтүлүүдө. Бул тууралуу Азия өнүктүрүү банкынын инвестициялык долбоорлорун ишке ашыруу боюнча министрликтин алдында түзүлгөн топтун мониторинг жана коомчулук менен байланыш түзүү боюнча адиси Тагай Алимбаев Sputnik'ке билдирди. 

Анын айтымында, жол куруу долбоору үч фазага бөлүнүп, иш 2014-жылы башталган.

"Биринчи фазанын ишин China Road and Bridge Corporation компаниясы аткарып жатат. Алар 125 чакырымдык жол менен 3800 метрге созулган тоннелди салышы керек. Учурда ишкана 117 чакырым жолду асфальттап, тоннелдин 2800 метрин бүтүрдү", — деди Алимбаев.

Ал белгилегендей, экинчи фазанын алкагында 99 чакырымдык жол жана эки эстакадалык көпүрө курулуп жатат. Учурда иштин 85 пайызы аяктап калды. Тагыраагы, 74 чакырымдык жол салынса, көпүрөнүн бири 90, экинчиси 70 пайызга бүткөрүлдү. Ал эми үчүнчү фазанын иши башталуу этабында турат.

"Үчүнчү фазада долбоор үч бөлүккө бөлүнгөн. Анын биринчи бөлүгү боюнча иштер келерки жылы башталат. Экинчисинде италиялык компания асфальт төшөө үчүн жолду даярдоодо. Үчүнчү бөлүктө дагы иштер эми гана башталып жатат", — деди Алимбаев.

Адистин айтымында, нормага ылайык, биринчи капиталдык оңдоо иштерине чейин жол 18 жыл кызмат кылышы керек.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости