www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азербайжан Европага газ жеткире баштады

Азербайжандан «Трансадриатика» түтүгү коммерциялык пайдаланууга берилди. Ал атайын Евробиримдикке кирген мамлекеттерге газ жеткирип берүү үчүн курулган. Бул тууралуу аталган долбоордун сайтында  жазылат.

«Грецияда газ түтүгүн улоо башталгандан 4 жыл өткөн соң, көгүлтүр отту жекирүү боюнча аракеттер коммерциялык баскычка өттү», — деп айтылат маалыматта.

Европалык колдонуучулар ушул газ түтүгү аркылуу жыл соңуна чейин көгүлтүр от алып турмакчы. «Трансадриатика» Европа мамлекеттерине газ жеткирип берүү үчүн кызмат кылат.

Узундугу 878 километр болгон көгүлтүр от ташуучу түтүктөр Греция, Албания, Адриатика деңизи жана Италияны кесип өткөн.

40 млрд долларга бааланган долбоордун акционерлери Британиянын «ВР», Азербайжандын «SOCAR», Италиянын «Snam», Белгиянын «Fluxys» (19%), Испаниянын «Enagas», Швейцариянын «Swis Axpo» компаниялары болуп эсептелет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости