www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

 

«Кудайдын» ролун аткарып жүргөн көзү ачык Арстан Алайдын президенттик шайлоо күнү илхому келет экен. Ошол күнү шайлоочуларды «сыйкырлап» 100 пайыз бюллетенди өзүнө салдырып алышы да мүмкүн экен. «Мен ажо болгондо гана оңолобуз» -деген «сыйкырчы» Арстан Алайга ишенебизби же алданып жүрө беребизби?

— Азыркы пандемия апаатынан, учурдагы кыйчалыш мезгилден кыргыз ойгондубу?

— Кыргыз ойгоно элек. Элибиз ойгонсо кайтпайт эле. Кыргыз чындык үчүн жаралып келет. Чындык үчүн өлөт. Чындык үчүн күйөт. Өзүмдөн башка эч кимди көрө албай турам. Мен ажо болуп, эл башкарганда гана жашоо оңолот. Мүмкүн эл арасында бардыр, бирок азырынча андай адамды жолуктура элекмин. Чыга элек. Эгер кыргыз ойгонсо, мага окшогон адамга келип: «Кандай кылалы? Башыбызга туруп бериңиз?» дегенде болмок. Ошондо гана эл бир жакка оомок да.

— Деги шайлоо тынч өтөбү?

— Негизи, «Акаевди, Бакиевди да жаман көрбөгүлө» деп ааламдан берилет. «Бул кыргызды ойготуу үчүн эле болуп аткан иш» дейт. Анын сыңарындай, парламенттик шайлоо, элдин нааразычылыгы, азыркы президенттин жүргүзүп аткан саясаты, мурунку президенттин кылганы — ушунун баары кыргызды ойготуу үчүн. Туура, учурда кыргызга тынчтык жана бир аз эволюция керек го

— Өнүгүү жөнүндө айтып атасың да?

— Ооба. Биз эмнеге өнүкпөй атабыз? Эң ириде Башмыйзамды өзгөртүү керек. Биз Батышты карап туруп алдык. Эгер Башмыйзамды кыргызчылыкка карата бычса, мына ошондо өнүгүү болмок. Улуулукка багыттоо кажет

ММКлардан алып даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости