www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Арстан Алайдын кайда экени айтылды

Арстан Алай деген каймана ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаевди Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери кармап кетишти. Бул тууралуу Kaktus.media сайтынын редакциясына укук коргоо кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, Арстанбек Абдылдаев эч жакка жоголуп кеткен эмес. Ал эми анын кармалганын туугандары билбесе керек, анын жоголушу боюнча ички иштер органдарына арыз жазышкан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Абдылдаев аймактар ​​аралык кастыкты козуткан деген шек менен кармалган.

Белгилей кетсек Арстанбек Абдылдаев – белгилүү ишкер, коомдук ишмер, “Эл үчүн” саясий партиясынын жетекчиси. Ал президенттикке талапкерлигин койгон. Анын божомолдору жана ар кандай сөздөрү менен белгилүү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости