www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лавров Зеленскийдин азыркы абалы тууралуу айтты

Владимир Зеленский Батыш өлкөлөрүнүн үмүтүн актаган жок. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров журналистердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Ал белгилегендей, Москва НАТО жана Евробиримдик өлкөлөрү Украинага жардамды кыскартууга убакыт келди деген сөздөрдү угуп жатат.

«Бул жөн эле сөз эмес, Европада да, АКШда да Зеленскийдин режимин колдоону улантуу үчүн бекер акча издөөдө өзгөчө кыйынчылыктар жаралып жатат, ал үмүттү актай албаган, оюн ойной албаганы анык. Биздин жалпы тарыхыбызды, маданиятыбызды жок кылуу, бул режим көзөмөлдөп турган аймактагы орустардын баарын жок кылуу үчүн Орусия Федерациясынын коопсуздугуна шек келтирүүчү куралдын ролу», - деп кошумчалады министр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости