www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Базар-Коргон районунун Арстанбап жана Кызыл-Үңкүр токой чарбаларынын тургундары 27-ноябрда Гүмкана айылында тынч митинг өткөрүштү. Митингге Арстанбап, Гүмкана, Кызыл-Үңкүр айылдарынан 100дөй адам катышты.

Акцияга чыккандардын бири Ниязбек Токтонбетов мал багып күн көргөн тоолуктардын жайыты жоктугун, «Дашман» жаратылыш коругу элдин пикирин эске албай, жалган кол коюулардын негизинде уюшулганын билдирди.

Митингге чогулгандар ««Дашман» жаратылыш коругун элдин кызыкчылыгы эске алынбай түзүлгөн жана өз милдетин аткарбайт» деп белгилешип, аны жоюуну талап кылышты. Чогулгандар айтылган талаптар аткарылбаса, бир айдан кийин кайра чогуларын айтышты.

Бул корук аталган эки токой чарбанын аймагында 2012-жылы өкмөт токтому менен куралган.

2012-жылы өкмөттүн буйругу менен Базар-Коргон районундагы Арстанбап жана Кызыл-Үңкүр токой чарбаларынын базасында 4,5 миң гектар токой аянтында «Дашман» коругу түзүлгөн. Коруктун айланасында 30 миңдей калк жашайт.

Жергиликтүү эл менен «Дашман» коругунун директору Кеңешбек Пиназаров жолукту. Ал 2012-жылы түптөлгөн корук, токойду сактап калуу аракети болгонун айтты. Ал аймакты мыйзам чегинде көзөмөлдөп жатканын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости