www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков КРдагы Дүйнөлүк банк кеңсесинин башчысы Навид Накви менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө белгиленгендей, Дүйнөлүк банк саламаттык сактоо жана социалдык коргоо, билим берүү, айыл чарба, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, экология жана башка тармактардагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча өкмөттүн ишенимдүү өнөктөшү болуп саналат.

Биринчи вице-премьер-министр Дүйнөлүк банкка экономикалык кризистин кесепеттери менен күрөшүү жана коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу боюнча чараларды ишке ашыруу алкагында көрсөтүлгөн көмөгү үчүн ыразычылык билдирди.

Жакын арада биргелешкен долбоорлордун алкагында 1200 мектеп 25 миң заманбап компьютердик техника комплекти менен жабдылат. Республикалык ооруканада компьютердик томографтарды орнотуу боюнча иштер ыкчамдатылып, ишке киргизилип жаткан «Мектеп медицинасы» долбоорунун алкагында мектептердеги медициналык кабинеттерди жабдуу тууралуу маселе иштелип чыгат, ошондой эле айыл чарбаны, кичи жана орто бизнести колдоого алуу боюнча долбоорлор талкууланды.

Артём Новиков белгилегендей, өкмөт тараптан долбоорлорду ишке ашырууда кечиктирүүлөр болбойт. Ошондой эле, Кыргыз Республикасындагы экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүүгө багытталган, аны ишке ашырууда Дүйнөлүк банктын катышуу ыктымалдыгы каралган сунуштар жана долбоорлор даярдалмакчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости