www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен Өзбекстан Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычынын плотинасы өзбек тарапка өтөт деп чечти. Бирок, коңшулар бир нече шартты аткарууга милдеттүү экенин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Эске салсак, бүгүн ал кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациянын Өзбекстанга болгон иш сапарынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын өткөрдү.

УКМК төрагасынын айтымында, Өзбекстан төмөнкү шарттарды сактаган учурда плотина алардын аймагында калтырылат деген сүйлөшүүлөр болду:

Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычынын суу ресурстарын биргеликте башкаруу боюнча өкмөттөр аралык келишим түзүү. Эми суу форс-мажордук кырдаалдардан тышкаркы убакта 900 горизонталдан көтөрүлбөйт;

өзбек тарап кыргыз тараптын сууну ээн-эркин алып, пайдалануусуна шарт түзүп берет;

Өзбекстан суунун жээгине тосмо койбойт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости