www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Артем Новиков №1102 шайлоо участогунда добуш берди

11-апрелде биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого жана жаңы Конституциянын долбоорун кабыл алуу боюнча референдумга добуш берди.

Новиков добуш берүүгө №87 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюмунун имаратында жайгашкан №1102 шайлоо участогунда келди.

11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдумга добуш берүү өтүп жатат.

Эртең мененки саат 08.00гө карата өлкөдөгү добуш берүү тилкелери ачылды. Жалпы 2 миң 483, чет өлкөлөрдө 48 шайлоо тилкеси түзүлгөн.

Өлкөнүн 448 жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо, анын ичинде 420 айылдык кеңеш жана 28 шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт.

Ошондой эле Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдумга добуш берүү да башталды. Ага жалпы шайлоочулардын 30% катышса, референдум өттү деп эсептелет.

Бишкек шаардык кеңешине 25 партиядан 1815 талапкер ат салышууда, Ош шаардык кеңешине өтүп жаткан шайлоого 9 партиядан 701 талапкер катышууда.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум үчүн добуш берүүгө 3 млн 318 миң шайлоочу катталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости