www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Свердлов райондук соту Айзада Канатбекованы уурдаганга катышкан шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын карап, 7-июнга чейин СИЗО-1 мекемесинде камакта калтырды. Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

 Маалым болгондой, шектүүлөр 7-8-апрелде кармалган. Акыркы болуп кармалгандардын бири Т.К. 1995-жылы туулган. Ал Бишкек шаарында колго түшүрүлдү. Экинчи шектүү Н.О. 1991-жылы туулган. Ал Жалал-Абад облусунда кармалды. Буга чейин 7-апрелде 2 шектүү кармалган.

Бишкекте 5-апрелде уурдалган Айзада Канатбекованын сөөгү 7-апрелде табылган. Бишкек шаардык милициясы аны уурдоого шек саналган 31 жаштагы Замирбек Теңизбаев кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып каза болгонун билдирди.

Бул окуя коомчулукта милицияга карата сынды күчөтүп, нааразычылык акциялар өттү.

Ички иштер министринин 9-апрелдеги буйругу менен Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Бакыт Матмусаев баштаган бир кызматкер иштен алынып, дагы 30дан ашуун кызматкер түрдүү кызматтык жазага тартылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости