www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөттүн жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн биргелешкен жана координацияланган аракеттери коронавирус инфекциянын кесепеттерин минималдаштырууга жана экономиканын турукташуусуна бир кыйла жагымдуу таасирин тийгизет. Бул тууралуу Артем Новиков Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйынында билдирди. 

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экономикасын турукташтыруу боюнча артыкчылыктуу чаралары талкууланды. Артем Новиков коронавирус инфекциясы жана анын кесепети өлкө экономикасына олуттуу таасирин тийгизгенин белгиледи.  

«2020-жылдын 10 айындагы расмий маалыматтар боюнча экономикалык төмөндөө 7,4% түздү. Ошондой эле салык жана бажы кирешелеринин азайышынан улам, бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн каржыланбай калуу коркунучу жана 2020-жылдын аягына чейин бюджеттин пландаштырылган киреше бөлүгүнүн аткарылышы үчүн фискалдык тобокелдиктер бар. Пандемия ата мекендик ишкерлердин ишине терс таасирин тийгизди», - деди ал. 

Бизнести колдоо максатында Өкмөт салыктарды төлөөнүн, салык декларацияларын тапшыруу мөөнөттөрүн жылдырып, салык келишимдеринин милдеттенмелерин кайра карап чыкты, салыктык санкциялар боюнча карыздар менен камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча туумдар жана айыптар боюнча карыздар реструктуризацияланган, мамлекеттик мүлк объектилери боюнча ижара төлөмдөрүн төлөөдөн бошотулган. Мындан тышкары бизнести кошумча колдоо үчүн жеңилдетилген насыяларды, дыйкандарга субсидияларды берүү жана каржылоонун жаңы инструменттерин берүү чаралары каралууда.

Артем Новиков жалпы бюджети 14 миллиард сомго чейинки кризиске каршы фондду түзүүнү караган «Ишкердик субъекттерин каржылоо Программасынын» алкагында ишкердик субъектилерине 5,4 миллиард сомго 6623 насыя берилгенин белгиледи.

«Бюджеттик мүмкүнчүлүктөрдүн чектелгендигин эске алып, сиздерден коронавирус инфекциясы пандемиясынын шартында ата мекендик ишкерлерге тийиштүү колдоо көрсөтө турган ушул Өкмөттүк Программаны ишке ашырууга катышуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга чакырам», - деди Премьер-министрдин м.а.

БУУнун Кыргыз Республикасындагы туруктуу координатору, Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча Координациялык кеңештин теңтөрагасы Озонниа Ожиело өз кезегинде өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр экономиканы турукташтыруу жана социалдык-экономикалык өнүгүү максатында Кыргыз Республикасына мындан ары да колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

Жыйын жүрүшүндө өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн Өкмөткө колдоо көрсөтүү үчүн зарыл болгон жол-жоболорду тездетүүгө даярдыгы, ошондой эле алардын өлкөнү өнүктүрүү боюнча мурда пландаштырылган бардык долбоорлорун ишке ашырууну улантууга даярдыгы белгиленди.

Артем Новиков өз кезегинде өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрүнө конструктивдүү диалог үчүн ыраазычылык билдирип жана ошондой эле Өкмөт колдоо долбоорлорун ишке ашыруу боюнча  бардык маселелерди тездетүүгө даяр экендигин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости