www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нуржигит Кадырбеков

Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков "Rotary Club" уюмунун президенти Замира Молдошева жана клубдун өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анда Кадырбеков министрлик тарабынан жасалган иштери жана пландалган долбоорлору туурасында маалымат берди. Министр өз сөзүндө жалпы маданият тармагы пандемия шартында кандай пайдалуу долбоорлорду аткаркандыгы, руханий азык алып келүүчү бир катар демилгелердин негизги колдоочусу болуп келгендиги жөнүндө билдирди.

“Маданият тармагы ишкерлердин колдоосуна муктаж. Биз конкреттүү долбоорлор менен кайрылууга даярбыз”, - деп министр ишкерлерди кызматташууга чакырды.

Белгилей кетсек, Бишкек Ротари-клубу эл аралык Ротари-клубдардын башын бириктирүүчү кайрымдуулук иш аракеттерин жүргүзүүчү Ротари Интернешнлдын бир бөлүгү болуп саналат. Ротари түйүнү гуманитардык долбоорлорду ишке ашыруу, кесиптик чөйрөдө жогорку этикалык стандарттарды иштеп чыгуу жана дүйнөдө тынчтыкты, жакшы санаалаштыкты орнотууга көмөктөшө турган тармак болуп саналат.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу, анын ичинде маданият тармагын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор жөнүндө кызматташуу макулдашылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости