www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков ЕЭКтын төрагасы Михаил Мясникович менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан бидиришти.

Маалыматка ылайык, Артём Новиков Кыргыз өлкөсүнүн жаңы шайланган президенти Садыр Жапаровдун инауграциясына катышуу үчүн келген Евразия экономикалык коммиссиясынын (ЕЭК) төрөгасы Михаил Мясникович менен жолугушту.

"Жолугушуунун жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигиндеги өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара мамилелерди түзүүнүн актуалдуу меселелери, анын ичинде ЕЭК тарабынан ЕАЭБдин алкагындагы өз ара соода жүргүзүүдөгү тоскоолдуктарды бошотуу жана чектөөлөрдү алып салуу боюнча жүргүзүлгөн иштер талкууланды.

Тараптар кызматташуунун келечеги жана экономикалык, өнөр жай, айыл чарба кызматташтыгындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алышты. Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 5-февралында Алматы шаарында өтүүчү ЕЭК Кеңешинин жыйынынын жана өкмөттөр аралык кеңешинин күн тартибинин маселелери талдоого алынды.", - деп жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости