www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-январда, Казакстан Республикасынын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин атайын өкүлү, Казакстан элинин ассамблеясынын төрагасынын орун басары Жансеит Туймебаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысы Жансейит Түймебаевге инаугурация аземине катышкандыгы үчүн ыраазычылык айтып, боордош эки элдин ортосундагы мамилени бекемдөөгө Нурсултан Назарбаевдин кошкон зор салымын белгилөө менен ага жакшы каалоо-тилектерин жолдоду.

Эки өлкө ортосундагы кызматташтыкка токтолгон президент Кыргызстандын Казакстан менен соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, инвестициялык алакаларды кеңейтүүгө даярдыгына жана кызыкдар экенине токтолду.

Президент Садыр Жапаров кыргыз-казак элдеринин коңшулук жакшы мамилелери ар дайым чыңдала берерине бекем ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Жансеит Туймебаев Кыргызстанга Нурсултан Назарбаевдин атайын тапшырмасы менен келгенин баса белгиледи.

Казакстандыктар боордош кыргыз элинин тагдырына жана Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга кайдыгер эместигин айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости