www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курсан Асанов 2 айга камакка алынды

Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту Ички иштер министринин мурдагы орун басары, президенттикке талапкер болгон Курсан Асановдун баш коргоо чарасын карап, аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.

Соттун 28-январдагы токтомуна ылайык, Асанов 26-мартка чейин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 тергөө абагында болот.

Белгилей кетсек, Курсан Асанов Жазык кодексинин 245-беренесинин 1-пункту («Имараттарды жана мекемени басып алуу») боюнча айыпталып, 26-январда кармалган.

Курсан Асанов 2020-жылдын 7-октябрында Ички иштер министринин милдетин убактылуу аткаруучу жана Бишкек шаарынын коменданты болгон. 6-октябрда таңга жуук эл Ак үйдү басып алып, бир катар саясий туткундар абактан чыгарылган.

Эске салсак, 9-октябрда борбордук «Ала-Тоо» аянтында болуп өткөн массалык башаламандыкка байланыштуу кылмыш иши ачылып, анын алкагында Курсан Асанов кармалган. Кийин үй камагына чыккан.

Өз кезегинде Курсан Асанов мурун Ички иштер министринин орун басары кызматын аркалаган. Ал эми парламенттик шайлоодо ал «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен аттанган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости