www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети театрлардын, цирктердин жана башка театралдык-оюн-зоок мекемелеринин артисттеринин айрым категориялары үчүн өзгөчө эмгек шарттарындагы пенсияга укук берүүчү тизмени бекитти. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Токтомго ылайык, сахнада 20 жылдан кем эмес чыгармачылык стажы бар балет артисттери, бий аткаруучулар, мимика жана жаңсоо театрларынын артисттери, травести-артисттери, цирк жана концерттик уюмдардын гимнасттары, акробаттары, эквилибристтери, машыктыруучулары, маскарапоздору, 50 жашка чыккан балбандар, вокалисттер, хор артисттери жана үйлөмө аспаптарда ойногон артисттер пенсия алууга укук алышат.
Токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.