www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 23–25-январь күндөрү Ош шаарында дзюдо боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты өтөт. Аталган мелдешке Бишкек шаарынын курама командасынын мүчөлөрү катышат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалымдалгандай, 21-январда Бишкек шаарынын курама командасынын спортчулары менен жолугушуу болуп өттү. Команданын курамына 14 спортчу жана бир машыктыруучу кирет. Жолугушуу Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Каныбек Жолчубековдун катышуусунда өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө департаменттин жетекчиси спортчуларга ак жол каалап, ишенимдүү таймаштарды, жогорку жыйынтыктарды, ийгилик жана республика деңгээлинде борбор калаанын атын татыктуу коргоп келүүсүн каалады.

Последние новости