www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Энергетика министрлигинин 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгына арналган коллегиясына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Отурумда алгач, Энергетика министри Таалайбек Ибраев жана министрдин орун басарлары жалпы энергетика тармагында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу жана ведомствонун өткөн жылда аткарган иштери, келип чыккан маселелери жана алдыдагы пландары тууралуу маалымат берди.
Өз кезегинде сөз сүйлөгөн МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, министрликтин алдында – калкты жана экономиканы үзгүлтүксүз электр жана жылуулук энергиясы менен камсыз кылуу, ошондой эле өлкөдөгү электр энергиянын тартыштыгын жоюу маселеси турганын белгиледи.
Өлкөнүн экономикасы өсүү темпинде, ага жараша электр энергияга болгон керектөө да жогору болууда. Эгерде 2020-жылы электр энергияны керектөө 15,4 млрд кВтс болсо, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча ал 19,3 млрд кВтс жетти. Башкача айтканда, беш жылдын ичинде керектөө 4 млрд кВтс же 25%дан ашык өстү.
Токтогул, Үч-Коргон, Ат-Башы ГЭСтери модернизацияланды, жаңы чакан ГЭСтер Бала-Саруу, Кара-Көл, Көк-Арт, Кайнама жана көптөгөн башка чакан ГЭстер ишке берилди. Ошол эле учурда жаңы генерациялык кубаттуулуктарды киргизүүнүн темпи суроо-талаптын өсүшүнөн артта калып жатканы айтылды. Мисалы 2020-жылы өкөдө электр энергия 15,3 млрд кВтс өндүрүлсө, бул көрсөткүч 2025-жылы 15,4 млрд кВтс тегерегинде болгон. Ага кошумча климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу суунун азайышы болууда.
Ал эми калкты жана социалдык объекттерди көмүр менен камсыз кылуу маселесинде министрликтин алдына жылытуу мезгили учурунда – көмүрдүн керектүү корун алдын ала түзүү, жеткирүү жана бөлүштүрүү иштерин так уюштуруу тапшырмасы коюлду.
Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен күн жана шамал электр станцияларын куруу иштери жогорку деңгээлде жүрүүдө, бирок мындай станциялар аба ырайынан көз каранды. Ал үчүн эсептөөлөр, баланс жана резервдер алдын ала даяр болушу зарыл экендиги белгиленди.
Отурумда көтөрүлгөн – генерация, суу ресурстары, энергиянын кайра жаралуучу булактарынын интеграциясы, тармактардын даярдыгы, көмүр менен камсыз кылуу сыяктуу бардык маселелер калкты жана экономиканы үзгүлтүксүз, ишенимдүү электр энергия жана жылуулук энергиясы менен камсыз кылуу министрликтин негизги максаты экени айтылып, бир катар тапшырмалар берилди.