www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Күжүрмөн даярдоо борборунда «Өздүк курамдын арасында укук бузуулардын жана суициддердин алдын алуу» темасында ведомстволор аралык тегерек стол өткөрүлдү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы - Коргоо министринин биринчи орун басары полковник Тариэль Отонбаевдин жетекчилиги алдында өтүп, ага Коргоо министрлигинин, УКМКнын Чек ара кызматынын, ИИМдин Ички аскерлеринин, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын, Агартуу, илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин, Аскер прокуратурасынын, УКМКнын Ички коопсуздук башкы башкармалыгынын, Республикалык жоокерлер энелери комитетинин, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын, ошондой эле Кыргыз улуттук университетинин, Бишкек мамлекеттик университетинин, Кыргыз-Россия Славян университетинин профессордук-окутуучулук курамынын жана бир катар коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Тегерек столдун жүрүшүндө Коргоо министрлигинин жооптуу кызмат адамдарынын баяндамалары угулуп, талкууланды.

Атап айтканда, жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу маселелери, мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматка чакырылуучуларды тандоонун жана сапатын жогорулатуунун маселелери, тарбиялык иштердин ролу жана орду боюнча, ошондой эле Куралдуу Күчтөрдүн бирикмелеринде, бөлүктөрүндө жана мекемелеринде дарылоочу-профилактикалык иштерди уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча баяндамалар жасалды.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасынын жана УКМКнын Ички коопсуздук башкы башкармалыгынын өкүлдөрүнүн маалыматтары угулду.

Иш-чаранын жыйынтыгында тегерек столдун катышуучулары Кыргыз Республикасынын күч түзүмдөрүнүн жеке курамынын арасында укук бузуулардын жана суициддердин алдын алуу маселелери боюнча мындан аркы биргелешкен кызматташууга жалпы кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Последние новости