www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында "Батыш айланма жолу" мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбооруна байланыштуу кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, документке Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Инвестициялар боюнча улуттук агенттик, Бишкек шаарынын мэриясы, “Элдик Банк” , “Бат Жет” ЖЧКсы жана Кытайдын China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) компаниясынын өкүлдөрү кол коюшту.
Меморандумдун максаты тараптардын аракеттерин координациялоо жана борбор шаардын транспорттук логистикасын жакшыртууга, ошондой эле Бишкек шаарынын жол тармагына түшкөн жүктү азайтууга багытталган инфраструктуралык долбоорду ишке ашыруу үчүн кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.
Тараптар тең укуктуулук, өз ара пайдалуулук жана ачык-айкындуулук принциптеринин негизинде өнөктөштүктү өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырасташты.
"Батыш айланма жолу" долбоорун ишке ашыруу борбор калаанын транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүдө жана өлкө экономикасына инвестиция тартууда маанилүү кадам катары каралууда.