www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңеште кибер кылмыштуулук жана дропперлер аркылуу мыйзамсыз акча жүгүртүүнүн алдын алуу маселелерине арналган тегерек стол өттү. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Кылычбаев, Болотбек Борбиев, Бурун Аманова, Жылдыз Курманалиева жана Ички иштер министрлигинин, Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын, Улуттук банктын, ошондой эле коммерциялык банктардын өкүлдөрү катышты.
Иш-чарада кибер кылмыштуулуктун учурдагы абалы, дропперлерди пайдалануу схемалары, мыйзамдарды колдонуудагы практикалык көйгөйлөр жана мамлекеттик органдар менен банк секторунун ортосундагы координация маселелери талкууланды.
Депутат Алтынбек Кылычбаев күн тартибиндеги маселе өзгөчө көңүл бурууну талап кыларын белгилеп: «Кибер кылмыштуулук жана дропперлер бир органга гана тиешелүү эмес, бүтүндөй мамлекеттик система үчүн олуттуу коркунуч жараткан көйгөй. Бул багытта мыйзамдарды күчөтүү менен катар, алардын иш жүзүндө аткарылышын камсыз кылуу жана мамлекеттик органдар менен банк секторунун координациясын жогорулатуу зарыл», - деди.
Талкуунун жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга конкреттүү сунуштар даярдалып, аталган маселе парламенттик көзөмөлгө алынары айтылды