www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов менен Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери жолугушту. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анда саламаттык сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташтык маселелери талкууланды. Анын ичинде коомдук саламаттыкты сактоо, оорулардын алдын алуу, кадрларды даярдоо жана заманбап медициналык технологияларды колдонуу жаатында тажрыйба алмашуу маселелери каралды. Министр АКШ менен Кыргызстандын саламаттык сактоо системасын чыңдоого багытталган өз ара кызыкчылыктарды эске алуу менен кызматташууну мындан ары да өнүктүрүү үчүн чоң потенциал бар экенин белгиледи.
Жолугушууда саламаттык сактоо инфраструктурасын өнүктүрүү максатында Бишкек шаарында медициналык шаарча куруу планы иштелип чыгып жатканы айтылды. Бул долбоордун алкагында алдыңкы америкалык өндүрүүчүлөрдүн заманбап медициналык жана лабораториялык жабдууларын сатып алуу мүмкүнчүлүгү да каралууда. Ошондой эле кыргызстандык адистердин АКШда квалификациясын жогорулатууга кызыкдар экендиги кошумчаланды.
АКШ тарап саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтык 1990-жылдардын ортосунан бери уланып келе жатканын, ал ВИЧ, кургак учук жана санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук боюнча программаларды камтый турганын билдирди. Ушуга байланыштуу америкалык тарап жакынкы жылдардагы артыкчылыктуу багыттарды аныктаган меморандум түрүндө мындан аркы кызматташууну бекемдөөнү сунуштады.
Тараптар саламаттык сактоо, эпидемиологиялык коопсуздук, инфраструктураны модернизациялоо, коммерциялык кызматташтык жана медициналык кадрларды даярдоо багыттарында кызматташууну улантууга өз ара кызыкдар экенин тастыкташты.