www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзгөндө аялына зомбулук көрсөткөн жаран кылмышка шектүү катары кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 5-декабрь күнү Өзгөн РИИБге 1978-жылы туулган О.А. аттуу жаран үйүндө жолдошу К.А. мас абалда тополоң салып, уруп жаткандыгын кабарлаган.
Бул маалымат каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Анын жүрүшүндө К.А. жубайына карата мурда дагы бир канча ирет зомбулук көрсөткөндүгү аныкталып, чогултулган материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин (Уруп-сабап кыйноо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө амалдарынын жүрүшүндө 2026-жылдын 24-январь күнү 1974-жылы туулган К.А. аттуу жаран кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө амалдары уланууда.