www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстандын Согди облусундагы ички иштер башкармалыгынын жетекчиси, милициянын генерал майору Абдулло Навжувоновдун “Баткен тажиктердин жери” деп айтканын тажик маалымат булактары жарыялады. Тажик генаралынын айткан сөзү эмнеден кабар берет?
- Тажикстандын Согди облусу боюнча ички иштер башкармалыгынын жетекчиси “Баткен биздин жер болгон ” деген сөзү менен биринчиден, ал сабатсыздыгын экинчиден, тарыхты билбегенин, үчүнчүдөн саясий деңгээлинин төмөндүгүн көрсөтүп койду. Анын айткан сөзү Согди облусундагы жарандар арасында саясий упай топтоо максатында, чагымчылдык максатта айтылган сөздөй кабыл алдым. Тажикстандын жогорку деңгээлдеги бийлиги бул генералдын көз карашын өзгөртүп же кечирим суратып, же болбосо ротация кылып алмаштырып, жакын арада ага тиешелүү чечим кабыл алышы керек. Анткени, генералдын айткан сөзү эки элдин ортосундагы чагымчылдыктын бир түрү. Андай пикирлер Тажикстан менен Кыргызстандын ортосунда чек ара маселелерин дипломатиялык, ынтымак жолу менен чечүүгө тоскоолдук жаратып, жер алмашуу деморкация, делимитацияны аныктаган комиссиянын ишине да кыйынчылыктарды, провокациялык түшүнүктөрдү жаратат. Ошон үчүн бүгүнкү күндө тышкы иштер министрлигинин билдирүүсү, жарандык активистердин, коомдук ишмерлердин, саясатчылардын пикирлери бир жактуу болуп, генерал сөзсүз жазаланышы керек деп жатышат.
Булак: "Майдан.kg"