www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кумтөрдү» буга чейин иштетип келген компаниядан башкасы бизге каршы чыгат деп күткөн эмеспиз», - деди бүгүн, 27-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине Теорроризмге каршы күрөшүү боюнча ардагерлер коомунун төрагасы Артур Медетбеков.

- Артур мырза, «Кумтөрдү» мамлекетке алуу аракети неге тоскоолдуктарга кабыла баштады. Сокку биз күтпөгөн жактан келе баштадыбы?

- «Кумтөр» кенин башында эле толугу менен колго алып, иштете турган болсок, көп жетишкендиктерге жетишмекпиз. Бирок, азыр абал татаалдашып бара жатат.

Тагыраагы, «Кумтөрдү» буга чейин иштетип келген компаниядан башкасы бизге каршы чыгат деп күткөн эмеспиз. «Центерра» дүйнө жүзүндөгү кен иштеткен, алтын табуучу компанияларды колго алып коюптур.

Ошон үчүн алар Кыргызстанга туш тараптан катуу тоскоолдуктарды жасашат. Бирок, кыргызстандыктар андан чочулабашы керек. Эгер ошончолук эле үстөмдүк кылышса, «Кумтөрдү» толугу менен мамлекеттин менчигине алып, алтын казган башка компаниялар менен иштетишибиз керек.

Тагыраагы, Кыргызстандагы алтын кен, урандын баарын мамлекеттин кызыкчылыгына гана иштетип, мамлекеттин менчигине алганга аракет кылышыбыз керек. Дүйнөдө мындай практика кенен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости