www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттык жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Ысык-Көл облусуна жасаган иш сапарынын алкагында 27-сентябрь күнү Чолпон-Атадагы медициналык реабилитациялык борбордын курулуш жана техникалык жаңыртуу иштеринин каржылануусунун үзгүлтүккө учуроосуна күбө болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей комплекстин директору Тилек Маткеримова кардиохирургиянын инновациялык борбору  маалымдагандай 8-сентябрда ачылган "Ден соолук" МРК корпусу ийгиликтүү иштеп жатат.

Ошондой эле анын анын бир корпусу жергиликтүү инвесторлордун каражатына оңдолуп түзөлүп жатат. Ал эми  Ден Соолук МРК ремонтунун бүтүшүнө 1 млрд сом керек деди ал.

Бейшеналиев  Саламаттык сактоо министрлиги азыр ремонтту аяктоо үчүн кошумча каналдарды издөө иштерин улантып жатат деп белгиледи. Ал иш президент Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө турат." МРК жайгашкан жери табигый климаттык жана бальнеологиялык  шарттарды эсепке алып тандалган. Бул жерде балдар дарыланат. Эгерде биз бул комплексти ишке ашырсак жакынкы чет өлкөлүктөрдүн балдары да келип дарыланат. Бул медициналык туризмди өнүктүрөт. Бул уникалдуу медициналык мекеме 8 блоктон жана 7 бөлүмдөн турат. (Неврологиялык, хирургиялык, пульмонологиялык, акушер жана гинекологиялык, функционалдык диагностика, онкология жана аллергиялык). Министрлик бул комплексти бүтүрүүгө болгон күчүн жумшайт",-деди министр.

Белгилей кетсек, комплекс бүтсө бир гана биздин өлкө эмес чет өлкөнүн да балдарын кабыл алат.

Последние новости