www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Шайлоо алдында бийликтин калпыстыгын аңдып турган шумпайлар бар», - деди бүгүн, 21-сентябрда маалымат агенттигине Коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Артур Медетбеков.

- Артур мырза, шайлоодон кийин стабилдүүлүк сакталып, төңкөрүш болбош үчүн таза шайлоо өткөрүү жетиштүүбү?

- Албетте, таза шайлоо өткөрүп, шайлоого катышкан бардык партияларга бирдей шарт түзүлүшү керек. 2020-жылдын октябрь айындагы шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолгону үчүн, төңкөрүш болгон.

Ошондуктан азыркы бийлик мурунку бийликтен жана шайлоолордун тарыхынан сабак алып, былтыркыдай үч же төрт гана партияны уттуруп коёбуз деп элдин ишенимине кыянаттык кылып, катачылыкка жол бербеши керек.

Эң негизгиси шайлоо адилеттүү өтсө, стабилдүүлүк сакталат. Чыр чыкпайт, ашыкча маселе жаралбайт. Кыскасы, баары бийликтин колунда. Анткени, бийликтин калпыстыгын аңдып турган шумпайлар да болушу мүмкүн.

Ошон үчүн бийликтегилер шайлоону таза өткөрүп, мыйзамдуулукту сакташы керек. Анткени, азыркы бийликке элдин үмүтү абдан чоң. Ишеними да жогору.

Ошол ишенимди, үмүттү актап, бийликтегилер бир муштум болуп түйүлүп, туура  иштесе, Кыргызстан өнүгүү жолуна түшөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости