www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Зергерлик ишкерлер бирлигинин төрагасы Сталбек Акматов Баалуу металлдар базарынын ассоциациясынын чечиминен өлкө сыртка алтын сатууда олуттуу маселеге туш болгонун белгиледи. Акматов эми көйгөйдүн чечилиши бийликтин ыкчам аракетине көз каранды экенин айтып, мындай жолду сунуштады.

--“Алтын куйманын үстүнө Good delivery деген жазуунун белгиси басылчу. Ошол белги менен швейцариялык банк, Италия жана башка мамлекеттер баа жагынан келишсе эле эч кандай маселе жок сатып алышчу. Эми ал белги жок, эркин сата албай калат. Мындан чыгуунун жолун айтайын, ХХI кылымдагы дүйнө статистикасында алтындын 70% зергерлик тармак керектейт. Кыргызстан инвесторлорду таап, зергерлик ишканаларды ачууга шарт түзүп бериш керек. Ошондой эле дүйнөдөгү ири зергерлик заводдор менен келишим түзүп ошолорго сатыш керек. Аларга Good delivery сертифкатынын, белгинин анчалык мааниси жок.

Анткени, алар алтынды эритип башка буюм жасашат. Дүйнө боюнча Кытай, Индия, Түркияда ири заводдор бар. Мен дүйнөлүк жармаңкелерге барганда көргөм, алар тонналап алтын иштетет. Кыргызстандын өндүрүшү анчалык деле чоң эмес”, - деди Акматов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости