www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Токаев өз элин атууга буйрук берип кыянатчылык кылды», - деди бүгүн, 17-январда NazarNews маалымат агенттигине генерал Артур Медетбеков.
- Артур мырза, Казакстандагы окуяга ар ким ар кандай баа берип, түрдүү пикирлерин айтышууда. Ал жактагы абалдын курчушуна сырткы күчтөрдүн да таасири тийдиби?
- Казакстандагы абалдын курчушуна сырткы күчтөр таасир этти десек да болот. Айтайын дегеним, Казакстандагы жагдайдын күч алышына чет элде жүргөн оппозиция же болбосо башка мамлекеттердин атайын кызматынын салымы да болду.
Тагыраагы, алардын ар кандай кеңештер, жылмаланган маалыматтары менен өрт чыккан жерге май куйгандар да болду.
Кыскасы, митингге чыккан элди каралоо күч алды. Бийлик митингге чыккан элди жазалоо үчүн 20 миң террорист дегенди ойдон чыгарды.
Ал турсун, аларды атууга да уруксат берди. Россия менен Казакстан мамлекеттеринин президенттери ЖККУнун аскерлерин киргизүү чечимин кабыл алышты. Жыйынтыгында ОДКБнын аскерлери ички жагдайга кийлигишпей стратегилык объектилерди кайтарышты.
- Казакстандын президенти Токаев “эл аралык террорист” деген айып менен митингге чыккан өз элин атууга буйрук бергени боюнча кандай пикирдесиз?
- Тынч митингге чыккан элин “террорист” деп атап, аларды атууга буйрук бергени Токаевдин өз элине кылган кыянатчылыгы десек болот. Кийин ойлондубу же ага туура маалыматтар бериле баштадыбы айтор, аяк жагында өзүнүн пикирин өзгөртүп калды.
Өкүнчтүүсү, Казакстандын президентине маалымат жеткирген укук коргоо органдары, саясатчылар коңшу мамлекеттердин жарандарын айыптоого чейин барышты. Ал турсун кыргыз мамлекети террорго аралашкан адамдарды бизге жиберди деген маалыматтарды таркатканга чейин жетишишти.
Алар мындай саясат менен алысты көрө билбегенин, түшүнүгүнүн начардыгын айгинелешти. Ошондой эле боордош элдерди бири-бирине тукуруу аракетин жасашты. Казакстан кандай караласа да, чындыкка жакын болбогон айыптарды такса да, негизгси, Кыргызстан эч качан террордук топторду эч бир мамлекетке жөнөтпөйт.
Себеби, Кыргызстан өзү экстремисттик, террористтик топторго каршы күрөшүүдө чоң иштерди жүргүзөт. Кыскасы, алардын билип-билбей койгон дооматы суу кечпейт.
- Эми алардын койгон дооматынын запкысын Казакстанда иштеген 100 миңдеген жарандарыбыз тартпайбы?
- Кыргызстандын Казакстанга барган 100 миңдеген жарандарыбыз ал жакка иштеп, үй бүлөсүн багуу үчүн барышат. Алар кыйналышса да, кордук көрүп, азап тартса да, Казакстанын салыгын да төлөшөт.
Ошолордун камалып, кысымга алынганы казак бийлигин аброю алып келбейт. Ошон үчүн биздин иш үчүн барган жарандарыбызга доомат койбой, адилеттүү мамиле кылышы керек. Бир жактуу каралоодон алыс болушкандары оң.
Булак: NazarNews.kg