www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров “Вечерный Бишкек” интернет басылмасына курган маегинде, Кумтөр алтын кени жазга чейин Кыргызстанга өтөөрүн билдирген. Жапаров бул маселеде Аскар Акаевдин берген көрсөтмөлөрүнүн пайдасы тийгенин белгилеген.

"Кумтөр" боюнча юридикалык документтерге кол коюу процесстери жүрүп жатат. Буюрса жазга чейин бүтөбүз. "Кумтөр" бизге өткөнү анык. Бул маселеде Аскар Акаевичтин эки жолу келип, тергөөгө берген сурагынын пайдасы болду. Кыскасы, Аскар Акаев мурда эл алдында кетирген каталарын толук актады десек болот", - деди Жапаров.

Эске салсак, быйыл 2-августта Аскар Акаев 16 жылдан бери Кыргызстанга биринчи жолу келип, сурак берген. Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган Аскар Акаев 2005-жылы 24-мартта үй-бүлөлүк, авторитардык, коррупциялык бийликке каршы чыккан эл Ак үйдү алгандан кийин өлкөдөн качып кеткен. Ошондон бери Орусияда башкалкалап келет. 

Аскар Акаев 14-декабрда "Кумтөр иши" боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде тергөөгө көрсөтмө берүү үчүн экинчи жолу келген. Кыргызстанга келип кеткенден кийин Аскар Акаев орусиялык "Московский комсомолец" басылмасына берген маегинде, ага карата "куугунтук токтотулганын", "бардык иштер жабылганын" айткан болчу.

Бирок, Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) "Кумтөр иши" боюнча, анын ичинде Аскар Акаевге байланыштуу тергөө уланып жатканын жана бул иш боюнча жаңы айыптар тагылганын маалымдаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости