www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Артур мырза, жакында эле Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери жолугушту. Чек ара маселеси, коопсуздугу жөнүндө сөз болду. Ушул боюнча сиздин оюңуз кандай?

- Ооба, азыркы убакта глобалдык өзгөчө коркунучтар жеке эле Борбор Азияда эмес, бүткүл дүйнө жүзүндө пайда боло баштады. Ошону түшүнгөн, билген, ошол боюнча маалыматы бар, бир кезде союздун курамындагы беш мамлекет Ысык-Көл жергесинде сырткы агрессиядан бирдиктүү түрдө коргонуу, сактануу маселесин талкуулашты.

Ич ара дипломатиялык жол менен талаш-тартыштын акыры бир позицияга келүү үчүн негизинен тышкы агрессиялык, террордук, экстремисттик күчтөргө каршы болгон өзүнчө бир позицияларды бириктирүү максатында “Тынчтык форуму” өттү. Өзүбүзгө белгилүү, бүгүнкү күндө Борбор Азияда, коңшулаш турган Афганистанда “Талиб”, “Аль-каида”, ошондой эле ИГИЛ террордук уюмдар дагы деле үстөмдүк кылып, кандайдыр бир деңгээлде Кундуз провинциясынан биздин коңшулаш өлкөлөр Өзбекстан, Тажикстан, түштүк жагынан Түркмөнстанга потенциалдуу түрдө коркунуч жаратууда.

Ошону менен бирге Каратегин өрөөнүнөн чыккан экинчи-үчүнчү муундагы террорист топтор дагы деле болсо Кыргызстан, Казакстанга көптөгөн коркунуч жаратып келген. Ошон үчүн Чолпон-Атада болуп өткөн “Тынчтык форумдун” мааниси өтө чоң. Бирок, келечекте 5 мамлекет бирдиктүү позицияда иштеп кете алабы – аны биргелешкен позициялары көргөзөт.

Ага катар Түркмөнстан менен Тажикстан өз позицияларын “ички пикирлердин, сунуштардын негизинде билдиребиз” деди. Мындан улам, эки өлкө кандайдыр бир деңгээлде тышкы күчтөр боюнча бирдиктүү бир позицияда турбастыгын, пикир келишпестигин айгинелеп койгонсуду...

Булак: Азия News гезити

Последние новости