www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Ала-Арча” мамлекеттик паркына асфальт төшөлүптүр. Азганакай чакырым. “Бул ишти президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев жасады” дешип, блогерлер соцтармактарга жазып чыгышты. Фейктер “жетишкендикти” айландырышып, таратып бүтө албай жатышты. Кызык. Бир эсе таң каласың. Эч кандай эрдик эмес, туура түшүнгүлө, Каныбек Туманбаев кылса, милдети да.

Президенттин же өкмөт башчынын тапшырмасын аткарып аткандыр. Мамлекеттик кызматтын этикасын ойлобойбу? Бул эргул пиарщиктерине тымызын буйрук берип коюп, өзү көлөкөдөн жыргай береби? Ансыз да “короздой” болуп жүргөнүнө, ишти профессиналдуу деңгээлде алып кете албаганына коллективи нааразы экени каңкууланды.

Ишенимди актайбы, же иритеби? Айтмакчы, Алмазбек Атамбаевдин бийлиги учурунда Икрам Илмияновду этектеп, Сооронбай Жээнбековдун мезгилинде Асылбек Жээнбековго жабышып, “Биримдик” партиясынан талапкер катары шайлоого аттанып, кийин заман өзгөргөндө кубулуп кеткеничи? Алардын башын аттагандай, эртең башка лидердин чачпагын көтөрүп чыгабы? Улам келген бийликтин эле эбин таба бербесе керек. Келечекте бир жеринен “илинип” калбайбы? Суроо да...

Булак: Азия News гезити

Последние новости