www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Терапевт жана диетолог Елена Тихомирова "Известия" басылмасына берген маегинде биологиялык автивдүү кошулмалардын (БАК) түрлөрүн санап берип, аларды кантип туура тандоо керектигин түшүндүрдү.

Адистин айтымында, кандай гана кошулма болбосун, дарыгер менен кеңешпей өзү билемдик менен пайдалана берүү, тескерисинче, организмге зыянын тийгизип коюшу мүмкүн.

"БАКтар ичинен негизги үч топко бөлүнөт, андыктан таасири ар башка. Билбестик кылып, бир нече кошулманы бир учурда ичип жүрө берсеңиз кесепети оор болуп калышы ыктымал", — деди адис.

БАКтардын негизги үч тобу:

биринчиси — нутрицевтиктер. Тамак-ашты жакшы сиңирип, ден соолукка пайдасын күчөтүүчү белоктор, аминокислоталар, витаминдер, майлар, углеводдор жана минералдардан турат;

экинчиси — парафармацевтиктер. Кайсы бир органдын ишин жакшыртууга багытталган;

үчүнчүсү — пребиотиктер. Муундардын, ичеги-карындын ишин жакшыртат.

Дарыгердин айтымында, атайын билими жок адам кайсы БАК кандай топко кирерин өз алдынча аныктай албайт. Андыктан өзү билемдик менен сатып албашы керек.

Ошондой эле жасалма, сапатсыз азыкка туш болуп калбаш үчүн дарыканадан же компаниянын расмий сайты аркылуу заказ берүү сунушталат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости