www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Центерранын» оюу жакшы болсо, экологияны бузуп, талапка жооп бербеген иштерди кылмак эмес», - деди бүгүн, 18-майда NazarNews маалымат агенттигине генерал Артур Медетбеков.
- Артур мырза, кыргыз бийлигинин кумтөрдүн былыктарын ачык чыгарганы ар ким ар кандай кабыл ала баштады. Кумтөр боюнча туура эле иш башталдыбы?
- Албетте, туура. Бирок, ийгиликке жетүүнүн жолу өтө татаал. Алдыда чоң күрөш күтүп жатат. Андан тышкары жакынкы аралыкта соттошуулар, жоготуулар, чоң экономикалык кризис болушу да мүмкүн. Келечекте Кыргызстан үчүн үзүрлүү жашоо болот десек, баарына чыдашыбыз керек. Ошондой болсо да кыргыз элинин кызыкчылыгын жогору кою милдети азыркы жана келерки бийликтин мойнунда болот.
Кумтөрдү иштеткен ишкананы катачылыктарын айтып, аларга доомат коюп, өз укугубузду коргоп, экологияга келтирген зыянын калыбына келтирсин дегенибиз үчүн башка мамлекеттердин тоскоолдуктарына кабылышыбыз мүмкүн. Ошон үчүн мындай иште элдин биримдиги, бүтүндүгү жана бийликтегилердин профессионалдуулугу баарынан жогору турат. Бөлүнүп жарылбай, абалдан чыгуунун жолун табышыбыз керек. Ошондой эле, Кыргызстандын бийлиги баарына даяр турушу керек.
- Эмне үчүн кыргыз бийлиги баарына даяр турушу керек?
- Жакында Кумтөрдөн маселе жаралып калбайт деп эч ким кепилдик бербейт. «Центерранын» оюу жакшы болсо, экологияны бузуп, талапка жооп бербеген иштерди кылмак эмес. Ошондой эле таза иштешип, коррупциядан алыс болушмак. Булар бир ай мурун эле Кыргызстандагы жетекчиликтерин жана адистерин чыгарып кетишкен. Ошол жагын эске алсак, бизге башынан эле оюу түз болгон эмес. Эми кумтөрдүн ишин солгундатыш үчүн да түрдүү амалдарды жасашып, тетиктерин чыгарып кетиши да мүмкүн. Ошондуктан, кандайдыр бир тетиктерден маселе жаралып калса, же сынып калса, иш токтоп калбашы керек. Ошондуктан, бийлик баарына даяр туруп, адистерге да маани бериши керек. Кен тармагында иштеген адистерди кызматка тартышы зарыл.
- Арбитраждык сот «Центеррага» ыктаган чечим чыгарып коюшу толук мүмкүнбү?
- «Центерра» кыргыз өкмөтү келишимдерди бузду инвестицияга салган каражатыбызды кайтарып ала элекпиз деген шылтоолорду айтып, арбитраждык соттун башын айлантып, максатына жетүүнүн аракетин көрүшү толук мүмкүн. Ошон үчүн биз да эл аралык деңгээлдеги юристтерди даярдап, сотко даяр турушубуз керек.
Сотто «Центерранын» экологияга келтирген зыянын, коррупциялык иштери боюнча далилдеп берсек, сот алар алар каалагандай эмес, биз каалагандай чечим чыгарып коюшу мүмкүн. Анткени, азыр дүйнө жүзүндө экология чоң көйгөйлүү маселе болуп жатат. Экологиянын эрежелерин сактабагандыктан, дүйнө жүзүндө климат өзгөрө баштады. Ошон үчүн 20 жылдан ашык убакыттан бери кумтөрдү казган компаниялар коррупциялык жол менен бийликтегилерди сатып алып, экологияны бузуп келгени сотто сөзсүз таасир этиши керек.
Ал үчүн «Центерранын» экологияга келтирген зыянын кыргыз орус тилинде гана эмес, эл аралык деңгээлдеги басма сөз каражаттарына чыгарып, алардын калпыс иштерин жайылтышыбыз керек.
Булак: NazarNews.kg